Бишкекте айыл чарба азыктарын сатуу боюнча жарманке өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Борбор калаанын 4 районунда уюштурула турган жарманкеде жашоочулар арзан баада айыл чарба өндүрүшүнөн чыккан эт, сүт, бал, мөмө-жемиш, жашылча жана башка азыктарды ала алышат. Жарманке дем алыш күндөрү - 26-27-ноябрларда өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жарманке Ленин районунда Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндө, Октябрь районунда Асанбай кичи районунун Токомбаев көчөсүндө, ал эми Свердлов районунда Ауэзов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жана 1-Май районунун Фрунзе көчөсүндө өткөрүлөт.