Бүгүн, 25-ноябрда борбор калаадагы М.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде "Үркүнгө 100 жыл" аталышындагы көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө мектеп окуучулары, тарыхчылар жана медиа өкүлдөрү катышты. Алгач катышуучуларга 1916-жылдагы Үркүн тууралуу маалымат берилип, тарых барактарында калган кыргыз элинин башынан өткөн оор күндөрү тууралуу айтылды. Андан соң көргөзмөгө коюлган сүрөттөр менен таанышып чыгышты.
Филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев Үркүн тууралуу буларга токтолду:
"Учурда 1916-жылдагы окуяда канча кыргыздын дайынсыз жоголгону, окко учканы, ашууда калып өлгөнү белгисиз. Болжол менен 170 миң чамалуу деп айтылып жүрөт. Ошол учурда Орусиядан Кыргыз жерине орус дыйкандарынын көчүп келүүсү күчөгөн. "Ысык-Көл бейиштей жер экен, ушул жерге орус уездин түзсө болот" деген атайын буйрук болгон. Бул нерсени жазылып калган документтер да далилдейт.
Жусуп Абдрахманов 1926-жылы жасаган баяндамасында таамай айткан, "түндүктөгү көчмөн кыргыз элинин башкы душманы көчүп келген орус болгон" деп. Алардын максаты кыргыздын жерин тартып алуу болгон эле. Ысык-Көлгө орустар отурукташа баштаган. Кыргыздардын баарын тоону көздөй айдай башташкан. 1916-жылга чейин кыргыздар тээ алыскы тоого барып жайланышкан эмес. Андыктан козголоңдун келип чыгышына жер талаштын тиешеси бар деп айтууга болот".