Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2016-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Коллегиялык жыйында өзгөчө кырдаалдардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталып жатканы айтылды. Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар учурунда 9 ай ичинде 300 адам куткарылгандыгы белгиленди.
"Жол кырсыгынан 72 адам куткарылса, экстремалдык абалда 93 адамдын өмүрү куткарылган. Ошондой эле көлмөлөрдөн 28 адам сакталса, өрттөн 107 адамдын өмүрү сакталып калган. Адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырсыктардын басымдуулугун жол кырсыгы, ошондой эле жаратылыш кырсыктары түзөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.