Кочкор районундагы айрым мектеп мугалимдеринин айлыктары кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда мугалимдер SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Арсы жана Семиз-Бел айылдарынын мектептеринин мугалимдеринин айлыктары 20 пайызга, ал эми Кара-Тоо айылыныкы 10 пайызга кыскарган.
"Айлык акыбызды ноябрь айынан баштап кыскартышты. Буга чейин жаш мугалимдер 5 миң сом алышса, бул айда 4 миң алышты", - дешти мугалимдер.
Эскерте кетсек, буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аталган айылдар бийик тоолуу аймакка кирбей турганын билдирген. Мындан улам мугалимдер арасында нааразычылык жаралгандыктан, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова өкмөт тарабынан бийик тоолуу аймактарга кирген, алыскы, барууга кыйын шарттагы айылдарды аныктоочу комиссия түзүлүп, ишин баштаганын маалымдап, айлык акы азырынча ошол эле өлчөмдө берилерин 24-ноябрда айткан. Арадан 5 күн өткөн соң мугалимдердин айлык акысы кыскарганы маалым болду.
Арсы айылынын орто мектебинин директору Асипа Жумабаева айылда мугалимдер жетишпегендиктен, 19 мугалимдин 14ү башка айылдардан келип эмгектенишерин айткан.