Куба өлкөсүнүн борбор шаары Гаванада белгилүү революционер, мамлекеттик ишмер Фидель Кастро менен коштошуу зыйнаты болуп өттү. Ага 100 миңдеген кубалыктар, 50дөн ашуун өлкөдөн келген делегациялар тобу катышкан.
Бүгүн Кастронун сөөгү салынган урна өлкө боюнча коштошуу туруна жөнөйт. Ал эми 4-декабрда лидердин сөөгүн жерге берүү зыйнаты өтөт.
Фидель Кастро 25-ноябрь күнү кечинде каза болгон. Буга байланыштуу өлкөдө 9 күндүк аза күтүү күнү жарыяланган.