Бүгүн, 3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күндүн урматына борбор калаада "Үмүт" балдар реабилитациялык борбору Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш-чара өткөрдү. Ага активисттер, "Тумар" бийчилер тобу жана башкалар катышышты. Максаты - коомчулуктун көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге буруу. Иш-чарада активисттер атайын коляска-отургучка отуруп, коляскада жүрүү, коомдук унааларга түшүү, пандустардан чыгып түшүү кандай кыйынчылыктарды жаратарын жон териси менен сезип көрүштү. Андан соң "Ала Тоо" аянтында жүрүш уюштурулду.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук унааларда бекер жүрүүсү үчүн атайын билеттерди иштеп чыгуу маселеси каралат.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн реабилитациялык борборлордо дарылануу, массаж жасоо жана башка кызматтар көрсөтүлөт. Жакында эле коляскалар үчүн өкмөттөн 3 миллион сом бөлүнгөн. Учурда электрондук базада канча бала коляска-отургучтарга муктаж экендиги тууралуу так маалымат жок болгондуктан эсептөө жүрүп жатат", - деп билдирди Т. Исакунова.
Ошондой эле коомдук жайларда майыптар үчүн ыңгайлуу пандустарды орнотуу маселелери да караларын кошумчалады.