SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эл акча топтоп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак сатып бергени жатат" деген тема талкууга алына баштады.
Темада автор: "Соцтармактардын колдонуучулары демилге көтөрүп, ӨКМга тик учак сатып берүү үчүн акча топтоп жатышат, "көптөгөн турак жайлар, кампалар өрттөндү, бизде бир дагы суу чачуучу тик учак жок экен" деп. Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган адамдарды акцияга катышууга чакырды, көз карашыңар кандай, ушул туурабы?" - деп суроо салган.
Буга жооптор:
"Бизде эмне үчүн баарын эл жасашы керек? Мамлекет эмне кылып отурат? Ак үй өрттөнүп кеткенде эстерине келишеби?"
"Ак үй өрттөнүп кеткенде Көк үйгө көчүшөт, Көк үй өрттөнсө, тескерисинче".
"Мамлекеттин өрт өчүрүүчү тик учактан башка маселелери жетиштүү, ал жакка ишенсек ачка калабыз. Ошон үчүн демилгечилерди колдойм. Андан да жакшысы, бул демилге ишкерлер арасында көтөрүлсө сонун болмок".
"Бир чети жакшы, бир чети коңшулар же бүт дүйнө укса "позор" да. Биз кандай мамлекетте жашаарыбызды ушул нерседен байкасак болот. Ак үйүбүз "долина крокодилов", Көк үйүбүз "долина голодных волков".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.