Миграция кызматы: "Казакстанда иштеген Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын саны 113 миңге жетти"

Казакстанда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

"Быйыл Казакстанга иштеп кеткендердин саны көбөйдү. Көрсөткүч өткөн жылы 70-80 миң адамды түзгөн болсо, быйыл бул көрсөткүч 113 миңге жетти. Ал эми Орусияда иштегендердин саны 2014-2015-жылдардагы көрсөткүч менен сакталып турат. Чет өлкөгө иштегенге бараткан жарандарыбыз үчүн аба майдандарында атайын маалыматтык текче уюштуруп жатабыз. Мында жарандар өз укуктарын билүү, маалымдуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн алышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылдан тарта иш издеп чет өлкөгө кетип жаткан жарандар үчүн мыйзамдуу иштөө, укуктарын билүү, алдамчылардын торуна түшүп калбоо максатын түшүндүргөн атайын роликтер тартыла баштайт. Тартылган роликтер республикалык жана облустук телеканалдардан көрсөтүлүп, радиолордон уктурулмакчы.

Белгилүү болгондой, учурда чет өлкөлөргө чыгып иштеп жаткан Кыргыз мамлекетинин жарандарынын саны 700 миңге жетет. Анын ичинде Орусияда 560 миңден 565 миңге жакын адам эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur1k
2016-12-06 13:22:30
Казакстанга барып иштеген жакшыбы же россиягабы? Казактар кандай калк озу? Баурум, баурум деп эле жеп алат дейтго
0
Beki092
2016-12-06 17:59:50
Россияда мынча мин Казахстанда мынча мин адам иштеп журот деп маалымат бергенден коро

Ошол кеткен адамдардын санын азайтпайсынарбы

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан