Бишкекте балаты базары ачылды

Бишкектеги Ботаникалык сейил багында балаты базары ачылды. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, базар кыдыруу менен катар балатыларды түбүндөгү идиши менен кошо сатып алса болот.

Маалым болгондой, балатылардын басымдуу бөлүгү Токмок жана Караколдогу көчөт өстүрүүчү жайдан алынып келинген. Жаңы жылды белгилеген соң аларды жерге отургузуу мүмкүн.

Буга катар "Жашылдандыруу" ишканасы 4-декабрдан тарта шаар көчөлөрүндө 350 көчөт отургузду. Көчөттөр Чолпон-Ата, Тыналиев, Семетей, Жаш Гвардия көчөлөрүндө, "Октябрь" кинотеатрынын тегерегине отургузулган.

20-декабрга чейинки убакытта Бишкек көчөлөрүндө дагы 600 арча, 800 түп ийне жалбырактуу дарак көчөттөрү жана башка көчөттөр отургузулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Malik92
2016-12-06 11:42:27
Жылдыз төлгөнүн жаңысы эмнеге чыкпай жатат Супер Инфо ?
-4
tulpar90
2016-12-06 16:26:46
Malik92,жылдыз төлгөгө ишенбе эгер мусулман болсоң.
+2
Melis2014
2016-12-06 12:59:56
Приздентик шайлоого кантип добуш берем тушундуруп койгула
0
Siren90
2016-12-06 13:03:45
Балатынын орточо баасы канча экен жана ботсаддын так дарегин жазып койгулачы
0
jaka92
2016-12-06 13:08:17
Супер инфооооооо,качан жаны саны чыгат? Куто берип картайдымгооо. Копкок кылып макалаларды жазыптырсынар же аны толук окуй албайм
+1
admin_portal
2016-12-06 13:53:35
Malik92, jaka92, саламатсыздарбы? Толук маалыматты бул жактан алсаңыз болот http://www.super.kg/kabar/news/168419/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан