Өлкө аймагында мечиттердин саны 2746га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкү күндө жалпы 2746 мечит болсо, анын ичинен 2240ы каттоодон өткөн. Ал эми 506 мечит катталбай турат, бирок бүгүнкү күндө документтери даярдалып, каттоодон өткөрүү аракеттери болуп жатат. Айрым мечиттер ашар жолу менен курулса, башкаларынын жери белекке берилип кеткен. Ушул сыяктуу документтери татаалдашып кеткендер бар. Акыркы кезде эскилиги жеткен мечиттердин көпчүлүгү бузулуп, ордуна жаңысы салынып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, муфтияттын басма сөз кызматы 2015-жылдын 20-октябрында өлкө аймагында 2640 мечит бар экенин билдирген. Ал эми 626 мечит катталбай жатканын айткан.