Медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев 60 жашка толду. Ал 1956-жылы Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Урология илимий борборунун директору, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башчысы, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу, саламаттыкты сактоонун отличниги. Ошондой эле КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2000-жылы докторлук диссертациясын жактаган. 1997-жылы Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциациясынын мүчөсү болуп дайындалып, 2001-жылы Европа урологдорунун ассоциациясынын мүчөсү болгон. Ал эми 2005-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин ассоциациясынын мүчөсү, 2001-жылы Кыргыз мамлекетинин уролог-дарыгерлеринин Республикалык илимий коомунун президенти кызматын ээлеген.
А.Усупбаев 214төн ашык илимий эмгектердин, 4 монографиянын автору. Ойлоп табуу боюнча 14 патенти бар. 16 рационалдык сунуштун автору. Жетекчилиги астында 12 кандидаттык, 2 докторлук иш жакталган.
Негизги ойлоп табуулары:
6-декабрга карата жылнаама.