Канададагы Монреаль шаарында ири жол кырсыгы катталды. Бактыга жараша, андан каза тапкандар жана жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-декабрь күнү эртең менен болгон. Аны жанындагы кеңселерде иштеген кызматкерлер видеого тартып алышкан. Видеодо унаалар жолдун тайгактыгынан улам токтоткучу кармабай, бири-бирин артынан сүзүп жатканы көрсөтүлгөн. Бул видео интернетке жүктөлөрү менен талкууга алынып, бир суткада 15 миллион адам көргөн.