Түштүк Кореядагы учурдагы саясий ызы-чуудан улам президент Пак Кын Хе апрель айында отставкага кетүүгө макул болгонун "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты. Ал өлкөдөгү оппозициялык Демократиялык партиясы ага импичмент жарыялоого жетиштүү санда добуш бар экенин билдиргенден кийин макулдугун берген.
Эгер парламент импичмент жарыялап, Конституциялык Сот аны жокко чыгарбаса, Пак Кын Хэ президенттик ыйгарым укуктарынан айрылат. Жаңы президентти шайлоо анын отставкасынан 60 күн өткөн соң өтөт.
"Анын макулдугу кеч болуп калышы мүмкүн, себеби анын партиясындагы 29 депутат парламенттик көпчүлүктү колдогон", - деген басылма. Белгилей кетсек, өткөн жумада президентке импичмент жарыялоону 300 депутаттын 170и колдогон.
Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанган.