Орусияда көңүлдөшү тарабынан бычакталып өлтүрүлгөн кыздын сөөгү Бишкекке алынып келинди

Орусияда көңүлдөшү тарабынан бычакталып өлтүрүлгөн кыздын сөөгү Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Тиешелүү документтерди толтурууга ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү, "Аксы" коому жардам беришти. 1989-жылы туулган С.Ннын сөөгү 6-декабрь күнү Москва-Бишкек каттамы менен жөнөтүлдү", - деп билдиришти элчиликтен.

Айта кетсек, окуя 27-ноябрь күнү Москва шаарынын Липецкий көчөсүндө болгон. Анда 35 жаштагы Улан аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 27 жаштагы Нурзат аттуу мекендешин бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам каза тапкан. 35 жаштагы Улан изи сууй электе кармалган.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, Нурзат менен көңүлдөш катары бирге жашап жүргөн. Кийин ал "бул мамилени Кыргыз Республикасындагы аялыңа айтам" деген сөзүнө жини келип бычактаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Darin
2016-12-07 09:17:43
Окунчтуу ...баарын жасап алып анан аялына айтам деп...
+8
Sveta23
2016-12-07 09:28:55
Эх, Москва...
+4
Shirin_N88
2016-12-07 09:33:37
Москвада конулдошу тарабынан дебей эле бычактан каза болгон кыргыз кызынын соогу алынып келди дегилечи,ата-энеси бир туугандарына кыйын иш болуптур .Кыз да туз журсо болмок ,байкуш жакындарын кепке кемтик созго солпук кылбай.
+15
MAKALAK
2016-12-07 11:22:37
кимге ишенебиз твдан мурунку куйоосу деди
+7
admin_superstan
2016-12-07 13:24:07
MAKALAK, саламатсызбы? Маалымат такталган.
+1
bond0202
2016-12-07 15:23:36
эмиби,он кун болуп кеттиго
0
miss2014
2016-12-08 01:10:36
Конулдош болсо, конулдош эле дейт да андайлар Москвада толтура, кудайым ар кимге ыйман берсин.
+1
sezim_osmonalieva111
2016-12-08 18:42:51
Бул Улан деген Базар-Коргондук бала,аял ы 3 баласы бар,уй-булоосу билчу,башка аял менен жургонун,иши кылып,жаман иш аябай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан