Кыргыз Республикасы-Кытай чек арасындагы "Эркеч-Там унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайы убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган көзөмөл-өткөрүү жайы бүгүн саат 08:00дөн 15:00гө чейин жабылат. Буга Кытай тараптын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөрү себеп болгон. Мындан улам унаа каражаттарын убактылуу киргизүү токтотулат.