Аламүдүн районундагы Кара-Коо дачасында 15 үйдү жер көчкү басып калуу коркунучу жаралууда

Аламүдүн районундагы Кара-Коо дачасында 15 үйдү жер көчкү басып калуу коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү саат 16:00 чамасында Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Коо дачасында болжол менен көлөмү 200-300 метр куб жер көчкү жүрүп, 1 турак үйдүн дубалы зыянга учураган.

"6-декабрь күнү ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Жарандык коргоо комиссиясынын тиешелүү мүчөлөрү жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси тарабынан окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлдү. Натыйжада 15 үйгө коркунуч бар экендиги аныкталып, Таш-Мойнок айыл аймагына эскертилген", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан