Алай. 2 айда бүтөт делген бала бакчанын курулушу бүтпөй, 90 бала жеке турак жайда тарбияланууда

Алай районунун Гүлчө айылында 2 ай аралыгында бүтөт делген бала бакчанын курулушу бүтпөй калып, 90 бала ижарага алынган жеке турак үйдө тарбияланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Гүлчө айыл аймагынын башчысы Болот Таиров билдирди.

"Бакчанын курулушу 80 пайызга аяктаган. Дагы 10 миллион сомго жакын каражат болсо, толук бүтөт эле. Бул каражат бизге республикалык бюджеттен келмек. Балдар 2014-жылдан бери ижарага алынган жеке турак үйдө тарбияланышат. Буга чейин ижарага ай сайын 5 миң сом төлөп келгенбиз. Кийин 8 миң сомго көтөрдү. Эми үй ээси 2017-жылдын башынан тарта 10 миң сом төлөйсүңөр деген талапты коюп жатат", - деп билдирди Таиров.

Эске салсак, буга чейин айыл аймак башчысы бакчанын курулушу 2 ай аралыгында аяктай турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан