Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы 7-декабрда кыргыз элинин ала кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине расмий түрдө кошулган.
Мындай чечим 3-декабрдан 7-декабрга чейин Франциянын Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин 7-сессиясында кабыл алынган.
Эскерте кетсек, ЮНЕСКОнун аталган тизмесине мындан тышкары Кыргыз мамлекетинен Оштогу Сулайман-Тоо, “Манас” үчилтиги, тарыхый аталыштагы байыркы Суяб, Баласагын шаарлары жана айтыш өнөрү кирген.
7-декабрга карата жылнаама.