Бишкекте "Манас" эпосу күнүнө карата "Жаш манасчы" сынагы өттү

Бишкекте "Жаш манасчы" сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Свердлов районунда "Манас" эпосу күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага 20 мектептен 35 окуучу катышты. Салтанаттын катышуучулары актёрдук чеберчиликтерин көргөзүп, таланттарын сынашты. Жыйынтыгында мыкты деп табылган окуучуларга белектер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча "Манас" эпосу күнү жыл сайын 4-декабрда белгиленет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан