Биздин заманга чейинки 43-жылы римдик улуу ойчул, чечен жана саясатчы Марк Тулий Цицерон көз жумган.
Анын 100дөн ашык саясий жана сотто чыгып сүйлөгөн сөздөрү жарыяланып, алардын ичинен 58и гана сакталып калган. Ошондой эле бизге риторика, саясат жана философия боюнча 19 трактаты жеткен. Цицерондун 800дөй каты сакталган, бул каттарда өмүр баяны менен катар республика доорунун соңундагы Рим коому тууралуу баяндалат. Анын философиялык трактаттары ошол замандагы философия мектептеринин, академик, эпикурчулардын окууларын толук жана эч бурмалоосуз чагылдырган. Цицерондун эмгектери дин ойчулдарына, асыресе Аврелий Августинге, Кайра жаралуу доорунун жана гуманизмдин өкүлдөрүнө (Дидро, Вольтер, Руссо, Монтескье) чоң таасир тийгизген.
7-декабрга карата жылнаама.