Айыл чарба министрлиги: "Өлкө аймагында жыл ичинде 706 күнөскана курулду"

Өлкө аймагында жыл ичинде 706 күнөскана курулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Айыл чарба министрлигинин Прогрессивдүү технологияларды киргизүү борборунун жетекчиси Аскар Сагынбаев билдирди.

"Айыл чарба министрлиги жыл ичинде 1000 күнөскана курууну пландаган болчу. Бүгүнкү күндө 706 гана күнөскана курулду. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 450гө көп. Жалпы күнөсканалардын саны 1448ге жетти. Учурда анда бадыраң, помидор, жашылча өстүрүлүүдө. Ошондой эле кулпунай, капуста эккендер да бар", - деп билдирди Сагынбаев.

Аскар Сагынбаевдин маалыматына ылайык, 2017-жылы 350 күнөскана куруу пландалууда. Жыл ичинде күнөсканаларды куруу боюнча дыйкандарга атайын семинарлар уюштурулуп келет. Дыйкандардын күнөсканада өндүргөн продукциялары жергиликтүү базарларга сатыкка чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан