Бишкек шаарынын жана аймактардын жашоочулары жергиликтүү кеңештерди шайлоого байланыштуу добуш сатып алуу аракеттери боюнча кайрылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда маалымат жыйынында "Таза шайлоо" ассоциациясынын мүчөсү Тагир Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, добуш сатып алып жаткан адамдар кепилдик үчүн шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн чогултуп жатышат. "Ар бир шайлоочу кимге добуш берерин өзү чечет. Эч кандай заманбап техника шайлоочу кимге добуш бергенин аныктай албайт, анткени бюллетенде шайлоочунун аты-жөнү белгиленбейт", - деди Осмоналиев.
Мындан тышкары ал 2015-жылы парламенттик шайлоодо бардык партиялар добуш сатып алуу менен алектенишкенин баса белгиледи. "Бул маселени чечүү үчүн парламент тиешелүү мыйзамды кабыл алыш керек. Мындай мыйзам долбоору депутаттар тарабынан демилгеленген болчу, бирок 3-окуу режиминде каралбай токтоп калган", - деп кошумчалады адис.