Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөн зыян тарткан үйдүн чатырын жабууга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шаардык мэрия тилсиз жоодон зыянга учураган үйдүн чатырын жабууга 500 миң сом бөлүп, курулуш материалдарын сатып берди. Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өрттүн калдыктарын тазалоого жардам беришти", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, өрттөн улам барак тибинде курулган, 12 батирден турган үйдүн чатыры толугу менен күйүп кеткен. Жалпысынан үйдүн 825 чарчы метри күйгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.