Ала-Бука районуна 105 жумуш орунун камсыздай турган эт комбинаты быйыл курулбай калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди.
"Германиянын "Гернер" фирмасы Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорунун калкына кызмат кылуучу эт комбинатынын курулушун 2016-жылы баштамак болгон, бирок быйыл башталбай калды. Учурда Нарын облусунда эт комбинаты курулуп жатат. Нарындагы комбинат салынып бүтсө, курулуш Ала-Букада да башталмай болгонун аталган компаниядан кабарлашты", - деди Акпаралиев.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун акими буга чейин 3 районго кызмат кыла турган, 105 жумуш орунду камсыздаган эт комбинаты куруларын айткан.