Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан каражат бөлүнсө, Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүн оңдоо башталат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Абдымалик Апсаматов SUPER.KG порталына бүгүн, 7-декабрда кабарлады.
"Быйыл борбордук көчө кеңейтилип, суу агуучу лотоктор, таштанды таштоочу челектер жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулду. Эми лотоктордун четин асфальт төшөөгө даярдап жатабыз. Жолду толугу менен оңдоо иштерин быйыл бүтүрүү планыбыз бар болчу, бирок жергиликтүү бюджеттен каражат жетпей калган. Эми жолго асфальт төшөө үчүн каражат Транспорт жана жолдор министрлигинен бөлүнөт. Жолду оңдоо долбоорун иштеп чыгып, министрликке жиберип, 2017-жылдын планына киргизебиз", - деди мэр.
Жогоруда айтылган суу өтүүчү лотоктор 1 миллион 981 093 сомго коюлуп, узундугу 1161 метрди түзөт.
Эскерте кетсек, окурман Кербен шаарынын борбордук көчөсү оңдолбой жатканын кабарлаган.