6-7-декабрь күндөрү Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 83 адам кайрылып, 38и жаткырылды. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен 61 адам кайрылып, 23ү жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 7-декабрда кабарлады.
"Республикалык жугуштуу борборуна кайрылгандардын саны 272, 98и борборго жаткырылды. Алардын ичинен 87си кичинекей балдар: 1 жашка чейин - 25, 5 жашка чейин - 48, 14 жашка чейин - 14. Ал эми чоңдордон 11и жаткырылды. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен 150 адам кайрылып, 55и ооруканага жаткырылса, анын ичинен 53ү кичинекей балдар", - деп айтылат маалыматта.
Шаардык медициналык тез жардам балдардын клиникалык ооруканасына 147 адам кайрылып, 32си ооруканага жаткырылды. Алардын 94ү респиратордук вирус инфекциясына кабылып, 13ү амбулатордук дарыланууга жаткырылганы маалым болду.