Керектүү маалыматтар жок болгону үчүн өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер шайлоо фонддорун түзүүгө үлгүрүшкөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда маалымат жыйынында "Таза шайлоо" ассоциациясынын төрагасы Тагир Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, ал жетектеген уюмга Ысык-Көл, Чүй облустарынын айылдык кеңештерине өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер бир нече жолу бул маселе менен кайрылышкан. "Шайлоо фондун түзүү процедуралары тууралуу толук маалыматтар жок болуп, алар фондду ача албай калышты. Эми бул талапкерлерге үгүт кампаниясын жүргүзүү, шайлоо алдындагы иш-чараларды өткөрүү, кызматтарды төлөө үчүн акча каражатты жумшоого тыюу салынат", - деди Осмоналиев.