Жыл сайын манасчылардын айтуусунда “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктери 3 миң нускада чыгарылат

Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында жыл сайын манасчылардын айтуусунда “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктери чыгарылып турат. 2012-жылы Талантаалы Бакчиевдин, 2013-жылы Рысбай Исаковдун, 2014-жылы Замирбек Баялиновдун, 2015-жылы Дөөлөт Сыдыковдун, бул жылы манасчы Самат Көчөрбаевдин айтуусундагы дисктер чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

"Бул тасма "Манас" эпосунун гумандуу идеяларын кеңири жайылтуу, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодогу жана кыргыз элинин биримдигин бекемдөөдөгү жогорку ролун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу иретинде, “Манас” эпосун жана кичи эпосторду кеңири жайылтуу жана пропагандалоо максатында чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Жыл сайын дисктер 3000 топтомдо (1 топтомдо 1 СD жана 1 DVD-диск) нускаланат. CD жана DVD дисктери жети облустун китепканаларына жана окуу жайларына таратылып берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shamkol
2016-12-08 04:07:16
Кайдан сатып алса блолт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан