Өзбекстанда Ислам Каримовго эстелик тургузулат

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигин жасоо үчүн эл аралык сынак өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, тиешелүү токтомго жаңы шайланган президент Шавкат Мирзийоев кол койду. Бул документке ылайык, эл аралык сынактын катышуучулары виза алып жатканда консулдук жана башка төлөмдөрдөн бошотулат. Ошондой эле алар “Өзбекстан аба жолдору” улуттук авиакомпаниясынын каттамдары менен бекер учушат. Мындан тышкары сынакка катышуу үчүн Өзбекстанга алынып келинген бардык жүктөр бажы алымдарынан дагы бошотулат.

"Өзбекстандын биринчи президенти өзүнүн ар кыл саясий ишмердүүлүгү жана асыл адамдык сапаттары менен кылымдарга бай мекенибиздин тарыхына өчпөс, жаркын из калтырды. Ал - көрүнүктүү инсан жана ишмер, Өзбекстанда гана эмес, дүйнөлүк масштабда чоң урмат-сый, кадыр-баркка татыктуу", - деп жазылат токтомдо.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрда мээсине кан куюлуп көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mambo-1984
2016-12-07 17:09:25
молодцы
+3
ularik_kg
2016-12-08 01:50:08
Тарыхта калган Адам 10 президент биригип да бул инсандай иш кылып кете албаса керек...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан