Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болуша элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.
"Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында каттоосуз 5 гана күн жүрө алышат. Буга чейин 30 күн каттоосуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тең укуктуулукту жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасы менен Казакстандын парламенттери мыйзамды жактырышы керек. Андан соң өлкө башчылары кол коюп, мыйзам күчүнө кириш керек. Азырынча андай аракеттер боло элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, буга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна Орусиянын жарандары гана ээ болушкан. Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары да Орусияда 30 күндүк мөөнөткө чейин каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушкан.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтүн узартуу маселеси мындан 6 ай мурда айтылган.