"Сосновка" постуна оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

"Сосновка" постуна оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чектөө бүгүн саат 15:00дөн тарта киргизилди. Буга Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында кар жаап, муз тоңуп, жолдор тайгак болуп жана жолду тазалоо иштери жүрүп жатканы себеп болгон. Учурда абалды Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнгө салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан