Былтыр Бишкекте Жаңы жыл майрамында пиротехникадан 24 адам ар кандай жаракат алган

Былтыр Жаңы жыл майрамы учурунда пиротехникадан 24 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров бүгүн, 7-декабрда билдирди.

"Былтыр Жаңы жыл түнү шаардык №3-балдар ооруканасына пиротехникадан жабыркаган 2 бала кайрылса, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 4 адам кайрылган. Бешөө колунан, бирөө көзүнөн жаракат алган", - деди Кулбатыров.

Мындан сырткары ошол эле пиротехниканын айынан 18 адамга амбулатордук дарылоо көргөзүлгөнүн кошумчалады К.Кулбатыров.

Эскерте кетсек, жогоруда белгиленген маалда өлкө боюнча 19 өрт кырсыгы пиротехниканын айынан болгон. Ушул маалыматтардын негизинде Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыз өлкөсүндө пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга кечээ, 6-декабрда тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан