АКШнын президенти Барак Обама 8 жылдык башкаруу мөөнөтүндө үй-бүлөсү менен эс алууга жана саякаттоого 85 миллион доллардан ашуун каражат короткон. Бул тууралуу АКШнын Жашыруун кызматынын президенттин үй-бүлөсүнүн чыгашалары тууралуу документтерине ээ болгон "Judicial Watch" уюму жазып чыккан.
Орточо эсеп менен жылына президенттин үй-бүлөсү 10 миллион доллардай коротчу. Бул сумма коопсуздук, учуу, көчүү чыгашаларын, кызматкерлеринин унааларынын ижарасын, мейманканалардагы номерлерин да жапкан. "Judicial Watch" 2015-жылы Обаманын Гавайидеги эс алуусу 4,8 миллион долларды түзгөнүн кошумчалап, 85 миллион доллар акыркы көрсөткүч эмес экенин белгилеген.