ЖЫЛНААМА, 8-ДЕКАБРЬ: Бүгүн Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. 1958-жылы 194 метр бийиктиктеги телемунарасы менен Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Телеканалдын статусу мамлекеттик, улуттук, кийин коомдук болуп өзгөргөн. Аталган кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн №566-токтомуна ылайык бекитилген.

Ал эми 1931-жылы өлкөдө Радио уктуруу боюнча республикалык комитет түзүлгөн. Ошол эле жылдын 19-декабрында алгачкы радиоберүү обого чыккан. Башында радиодогу берүүлөр кыргыз, орус жана дунган тилинде чыгып турган. Кыргыз радиосунун алгачкы кызматкерлери акын жана комузчу Калык Акиев, музыкант Пётр Шубин, дикторлору белгилүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова, Кыргыз Эл артисти Алиман Жангорозова, жазуучу Касымалы Бектенов болгон.

8-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан