Ала-Бука районунда башка диндеги маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча маселе кайрадан талкууланды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда маалыматтык-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2014-2020-жылдарга карата концепциясынын алкагында район эли менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында экстремизм, терроризмдин жана терс диний агымдарга кирип кетүүнүн алдын алуу маселелери коюлду. Ошондой эле маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка динге тиешелүү маселелер каралды. Жыйынтыгында коомго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, калкка жана жаштарга арналган атайын түрдүү иш-чараларды уюштуруу менен туура эмес жолдон кайтаруу керектиги айтылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйынга дин өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков: "Жыйындын жүрүшүндө калкка профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Биз мында маркумду акыркы сапарга узатуудагы кыргыз элинде калыптанып калган тартип менен жерге берүүнү айттык. Ал эми башка агымдагы маркумдун сөөгүн мусулмандар менен аралаштырып коюу же койбоо жергиликтүү бийликтин иши, бирок диний көз карашта мусулмандар менен чогуу көмүү деген жок", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Komrad
2016-12-08 14:45:15
Райондун эли канчоо?
+1
kuba502
2016-12-08 15:17:05
Райондун эли 100 миңдин тегерегинде
+1
nazira...
2016-12-08 15:48:37
Башка динге отуп кеткендер эми ойлонушса керек ээ, айрыкча айыл жеринде.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан