7-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Чаткал районунун Жаңы-Базар жана Курулуш айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон келген суу арыктарга батпай, 25 турак үйдүн короолорун жана кошумча курулмаларын каптаган.
"Акимдин биринчи орун басары, ӨКМнын райондук бөлүм башчысынын жетекчилигинде жана Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Менчик “Аурун” фирмасынан 1 жүктөгүч тартылып, кокту-колоттон келген агын суулар өз нугуна салынды. Ал эми турак үйлөрдүн короолоруна кирген суулар өз алдынча жерге сиңип кетти", - деп билдиришти ӨКМдан.