SUPER.KG порталына "Кээде ажалдын да жолу болбой калат" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Видеодо ооруканада жаткан адамдын жанын алып кетүү үчүн ажалдын келгени көрсөтүлөт. Ал бейтап жашап кетпесин деп бардык нерсени жасайт да, бир убакта адамдын жанын алып жөнөп калат. Ошол учурда кайсы бир себептерден улам жандандыруу бөлүмүндөгү дарынын идиши кулап, бөлмөдө ызы-чуу башталат... Ошентип, кыска мүнөттө кээде ажалдын да жолу болбой калары, адамга өмүр берилсе, түрдүү кыйын учурларда аман калары көрсөтүлөт. Баары кандай болгонун видеодон көрүңүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.