Бишкек-Ош трассасынын Төө-Ашуу аймагында жол ачык. Бул тууралуу 8-декабрда Транспорт жана жол министрлиги кабарлап, 7-декабрда кечинде ашууда унаа тыгыны пайда болгонун билдирди.
Кечээ түштөн кийин ашууда кар жаап, кечке маал оор жүк ташуучу унаалар чыга албай туруп калган. Тийиштүү кызматкерлер ал унааларды жолдон четке чыгарган, бирок бул арада жеңил унаалар каршылаш тилкеге чыгып кеткендиктен, унаа тыгыны бир нече саатка созулганы айтылды. Саат түнкү 12ден кийин гана кыймыл калыбына келтирилген. Азыркы учурда жол ачык, аталган аймакта жолду кардан тазалап кеңейтүү, кум чачуу иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Кечээ түндө Төө-Ашууда унаа тыгыны пайда болгонун окурмандар "Элдик кабарга" маалымдашкан эле.