Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарып, жыйын өткөрдү. Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана район акимдери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Албек Ибраимов: "Шаардын көчөлөрүнө 1487 даана жол белги орноттук. Ошол эле учурда тротуарлар оңдолуп, эс алуу бактарындагы орундуктарды сырдадык. Мындан сырткары жалпысынан 3,6 миллион сом каражатына көрктөндүрүү сыяктуу иштер аткарылды. Мэриянын жамааты футболдук командадай иштеп жатат. Эгерде командада ар ким ар кайсы тарапка топту тепкендей болсо, анда ийгилик жаралбайт", - деп билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө шаар мэри таштандыларды тазалоо иштерин жандантып, архитектура, курулуш, жылуулук, көрктөндүрүү, унаа каттамдарын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын айтты.