Албек Ибраимов Бишкектеги дарактарды 2 жыл чачтарачка барбаган адам менен салыштырды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек мэриясынын жетекчилиги жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө журналисттер кардын калың жааганынан улам кулаган дарактар маселеси боюнча сурашты.

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун айтымында, дарактардын кулашы бир гана Бишкекте эмес, бардык өнүккөн шаарларда да байкалууда. "Быйыл Алматыда 580 дарак кулады, Москвада 1000ге жакын, Нью-Йоркто да дарактар кулап жатат. Бардык жерде бул көйгөй бар. Бишкектеги дарактар 2 жыл бою чачтарачка барбаган адамга окшош. Мындан улам айрым бутактарын кесишибиз керек. Бизде бул багытта атайын концепциябыз бар. Адам басчу жолдордун боюндагы дарактардын бийиктиги 6-8 метрден ашпаш керек. Кийинки жылы 100 миң көчөт отургузууну пландап жатабыз", - деди Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kroxa
2016-12-08 12:02:39
2 жыл эмей эле 25 жыл болду да каралбай эгемендуулукту алар да алып алышкандай,,эч кимге коз карандысыз дарактар...
+6
Gema
2016-12-08 12:05:59
Ушу Ибраимев келгенден бери кичине журок жылып атат,шаар онологонсуп.Жакшы аракеттерди кылып атат окшойт.Алга ,дагы шаарды кулдотунуз.
-7
tursunbaev78
2016-12-08 12:12:50
Gema,күлдөтсүнбү?
+2
Gema
2016-12-08 12:15:04
tursunbaev78,Гулдотсун)
+4
futboler
2016-12-08 12:14:57
Москвада кулаган дарак жок, кайдан коруптур
+1
Kg.arts.
2016-12-08 13:12:56
futboler,2,3 ай алдын Москвада соколиный горы деген райондо Бир эле кочододо 15 тен ашык дарак кулаган.
-1
gordaya
2016-12-08 15:19:31
Нариман Тулеев келсин!
+2
tynkatar03
2016-12-08 15:49:53
Куйгузосун го куйгузосун 100 мин кочотту коюп осуп турганын эле жакшылап карап алсанар боло убагы менен суугарып дарылап дегендей.
+2
modern-group
2016-12-08 18:15:20
Бишкек Зеленхозго уруксат берсин инспекция кессин ашыкчасын ! Бишкектеги дарактар эмес 2 жыл чачтарачка барбаган менимче мун соб жана тийиштуу орган ошону менен бирге эле мериянын кызматкерлери оздору 2 жылдан бери бара элек чачтарачка!
+2
azamat.k
2016-12-09 06:35:17
Бактарды озунун мурутундай кылып тегиздетип кыркып карасын.Болбосо дарактар бомждун чач сакал мурутундай болуп кетти.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан