Бишкек шаардык мэриясы жыл ичинде социалдык өнүктүрүүгө 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаар мэри Албек Ибраимов жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында айтты.
"2016-жылы бөлүнгөн 331,3 миллион сомду максаттуу жумшай алдык. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 470 жаран ишке орноштурулуп, 56 адам кесиптик окуу жайларга жайгаштырылды. Ошондой эле зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүүнү колго алып, социалдык жардам бердик", - деп билдирди Ибраимов.
Жыл ичинде 130 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жаратылыш коюнуна эс алууга жиберилген. Борбор калаада аз камсыз болгон 20 291 үй-бүлөдө 48 434 адам жашайт.