Бишкекте бийиктиги 7 сантиметр, кеңдиги 20 сантиметр, узундугу 3 метр бир жасалма дөңчөнү ("лежачий полицейский") коюуга 2100 сом кетет. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында борбор калаанын мэри Албек Ибраимов билдирди.
Анын айтымында, "лежачий полицейскийлерди" жарандардын кайрылуусу боюнча Жол-кайгуул кызматы коёт. "Быйыл 70 жасалма дөңчөнү алып салдык. Дагы 110ду алуу пландалууда, себеби кар жааганда дөңчөнүн үстүнө муз тоңуп, унаалардын асты тийип, өтө албай калышат", - деди Ибраимов.
Мындан тышкары ал учурда мэрия жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн унаалардын ылдамдыгын азайтуунун жолдорун издеп жатканын баса белгиледи.