Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов: "Бишкек шаарынын жолдору 4 жыл ичинде оңдолуп бүтөт"

Бишкек шаарынын ички жолдору 4 жылда оңдолуп бүтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жыл жыйынтыгын чыгырган жыйында билдирди.

"Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрдөн башка көчөлөрүн оңдоо иштерин 2015-жылы баштаганбыз. Аз убакыттын ичинде жолдордун баарына асфальт төшөө мүмкүн эмес экен. Жолдордун курулушун 4 жылда бүтүрөбүз", - деп билдирди Ибраимов.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, борбор калаада 2016-жылы 545,7 миллион сомго 27,6 чакырым жол оңдолгон. Ал эми 53,1 миң чарчы метр жердеги чуңкурлар жамалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulim_zamujem
2016-12-08 12:53:37
4 jylda kaira jany salyngan joldor tewilip kalat
+3
Zhoodarbek-myrza
2016-12-08 13:01:39
4 жыл ото эле коп убакыт.
0
tavanova.sarah
2016-12-08 15:25:03
4 жылга чейин озу иштеп отурат бекен башта?
0
aksy-beka
2016-12-08 18:32:01
Коробуз,4 жыл эртен эле отот!!!
0
Rulik
2016-12-10 12:28:33
Уят сизге 4 жылда бутот деп эл кутуп отурабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан