"Кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктар дүйнөдө курч маселе бойдон калууда" дешет адистер

Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте "Кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктар жөнүндө үн катабыз" деген теманын алкагында маалымат жыйын өттү. Алгач аялдын укуктары, түрдүү кыйноолорго кабылган аялдар тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, аялга болгон зордук-зомбулук дүйнөдөгү эң негизги көйгөйлөрдүн бири экени айтылды.

Жыйында Швейцария өлкөсүнүн Кыргыз жериндеги элчиси Ренэ Холенштайн буларды билдирди: "Кыз-келиндерге карата болгон зордук-зомбулуктар жөнүндө айтып чыгуу, ошол тема боюнча сынактарды өткөрүү журналисттерге, коомдук активисттерге мотивация берет. Тилекке каршы, гендердик теңсиздик, аялдарга болгон зомбулук дүйнөдөгү курч маселе бойдон калууда. Андыктан бул жаатта түрдүү иш-чараларды, акцияларды улантуу зарыл".

"Кыз-келиндердин зомбулукка кабылганы дүйнөлүк мааниге ээ маселе. Түрдүү экономикалык, маданий, укуктук өнүгүүлөр аркылуу бул нерсени азайтууга болот. Аялдын укуктарын кеңейтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү, мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, аларды иш жүзүнө ашыруу зарыл. Ошондой эле эл кыз ала качуу, зордук-зомбулукка кабылгандар тууралуу үн каткандан, аны айтып чыгуудан коркпошу керек", - деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар программасы боюнча адиси Геральд Гюнтер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан