Бишкек шаарынын Жибек-Жолу-Панфилов көчөсүндөгү 1-Май районунун администрациясынын имаратына жакын жайгашкан жерде кулаган арчалар алынбай жатат. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, арчалар бир жума мурда тамыры менен кулап калган. Ошол эле көчөнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы дарактардын сынган бутактары жаңы кар жааганда сынгандан бери алына элек. Мындан сырткары үйдүн айланасы таштандыга толуп, бир канча убакыттан бери тазалана электиги байкалат.
Аталган даректеги тазалык жана дарактардын сынган абалы боюнча шаар мэри Албек Ибраимовго кайрылдык. Ал өз сөзүндө: "Биз тазалыкты сактоо, шаарды жашылдандыруу аракеттерин көрүп жатабыз. Ошол эле учурда акыркы жааган карда кулаган дарактарды тазалоонун аракетиндебиз. Биздин кызматкерлер Жибек-Жолу-344 дарегинде кулаган арчаларды байкабай калышса керек. Журналисттер сүрөтүн тартып, так дарегин көрсөтүп бизге WhatsApp аркылуу жиберишсе болот. Тез аранын ичинде бул маселени карайбыз", - деп билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин шаар мэри маалымат жыйынында Бишкектеги дарактарды 2 жыл чачтарачка барбаган адамга салыштырган.