Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолунун абалын жакшыртууга мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук жол курулуш департаментинин башчысы Сейиталы Жороев билдирди.
"Буга чейин Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолу эч бир ишкананын же мамлекеттин балансында жок болчу. Бул жолду кен казган компаниялардын бири куруп берген. Алар бул жолдон каттап, жолдун абалын карап, бузулган жерлерин оңдоп турушчу. Ушул жылдын 18-ноябрында биздин департаменттин балансына өткөрүлүп берилди. Мындан ары жолдун абалын 2016-жылы бөлүнгөн каражаттан үнөмдөп карап турабыз", - деп билдирди Жороев.
Сейиталы Жороевдин маалыматына ылайык, Ала-Бука райондук жол курулуш департаментинин балансына 24 чакырым жол өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, окурман бүгүн, 8-декабрда "Элдик кабарга" Ала-Бука-Көк-Таш унаа жолунда ашууда абал начар экенин билдирген.