Брэд Питтин ажырашуу процессин коомчулукка жарыялабоо суранычын сот четке какты

Белгилүү жылдыздар Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусу "2016-жылдын чырлуу ажырашуусу" аталып, жакын арада бүтпөйт өңдүү. Жакында эле Питт соттук процесстер тууралуу маалыматтарды коомчулукка жарыялабоо талабы менен сотко кайрылган. Анын мындай чечим кабыл алуусуна түгөйлөрдүн балдарга камкордук кылуу боюнча келишими массалык маалымат каражаттарына жайылганы себеп болгон.

Кечээ, 7-декабрда Голливуд жылдыздарынын адвокаттары жолугушуу өткөрүшкөн. Анда Анжелинанын адвокаты "жеңишке жеткенин" билдирген, тагыраагы, сот Брэддин талабын четке какканын айткан.

Питтин адвокаты Лэнс Шпигель баары алдыда экенин, актёрдо процесстин жабык эшик артында каралышына сот аркылуу жетишүүгө убактысы бар экенин билдирген. Процесс боюнча угуулар январь айына белгиленген.

Ал эми белгилүү "People" басылмасынын ишенимдүү булагы буларды билдирген:
"Анжелина дайыма өзүнүн өкүлдөрү аркылуу коомчулукка билдирүүлөрдү жасап, бардык нерсени ачык эл назарына коюп жатат. Брэд андай кылган жок. Ал бардык нерсе үй-бүлө мүчөлөрүнө, Анжелинага зыяны тийбегидей, жакшы болушун каалап жатат. Брэд кабыл алынган чечимдер тууралуу бир гана алардын үй-бүлө мүчөлөрү билүүсүн каалайт".

Эске сала кетсек, жакында эле кабыл алынган документтерге ылайык, Жоли дагы деле балдарга жалгыз камкордук кылуу укугуна ээ. Ал эми Питт психологдун көзөмөлүндө балдар менен жолугушуп, жумасына бир терапиялык сеанстарды кабыл алуусу шарт. Мындан сырткары Жоли сот аркылуу Брэддин үзгүлтүксүз баңгизатына жана спирт ичимдигине кан анализдерин тапшырып туруусуна жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mamatmusakuzuraziya
2016-12-08 16:17:16
оооо акангору мына сага шарапат
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан