Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагындагы Көк-Ала көлдөн мыйзамсыз балык уулагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Атайын жүргүзүлгөн рейддин алкагында 152 даана маринка балыгын мыйзамсыз кармаган 5 жаран кармалды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлери тарабынан катталган факт боюнча протокол толтурулуп, 76 760 сом доо коюлган. Кармалган тургундардын жанынан тиешелүү буюм, заттар далил каттары алынып, жергиликтүү сотко жиберилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз балык уулап жүргөндөр Достук айылынын жашоочулары экени аныкталган.