SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлө мыйзамына ушуну киргизсе жакшы болмок" деген тема талкууга алынууда.
Темада автор мындай суроо салган: "Үй-бүлөлүү адам менен көңүлдөш болгон адамга, эркекпи же келинби, айырмасы жок, акчалай айып салса (мамлекеттин казынасына). Эркек ажырашам деп чечим чыгарса, аялына компенсация, аялы ажырашам десе энелик укугунан ажыратуу, үй-бүлөлүүлөргө чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу деген сыяктууларды "Үй-бүлө мыйзамына" киргизсе кандай болот? Балким, ошондо ажырашуулар аз болор беле дейм".
Башка колдонуучулардын пикирлеринен:
"Болушу мүмкүн эмес го. Жазылбаган мыйзам менен жашаганыбыз эле оң. Эң башкысы, абийир соту".
"Мен кошулам, анткени азыр ажырашуулар аябай көп болуп жатат. Ошондой катуу мыйзам чыгарса, мүмкүн, ажырашуулар азаят беле... Чет өлкөгө чыгарбоо боюнча айтсам, бул нерсени тыюуга болбойт, элдин көбү ошол жактардан нан таап жатышпайбы".
"Чет өлкөлөрдө ажырашууга арыз жазган тарап өкмөткө чоң суммадагы акча төлөйт экен. Кыргыз жеринде ушундай тажрыйбаны колдонсо болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.