Эртең, 9-декабрда "Ала-Тоо" аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"9-декабрда шаардык мэриянын тиешелүү кызматы балаты орнотуу ишин баштайт. Ал эми анын жасалышы, кооздугу үчүн илинүүчү оюнчуктардын түрү шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору үчүн күтүлбөгөн белек катары айтылбайт. Балаты толугу менен жасалып бүткөндө жалпы элге кошумча маалымат берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, балатынын узундугу 2015-жылдагыдан узун же кыска болбой, 22 метрди түзөт. Ал эми балатыны орнотуу иштерин Турак жай жана коммуналдык кызматы, "Бишкек свет" ишканалары жүргүзөт.